Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын № 12/4 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын

№ 12/4 ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы.                                                                                   15-сентябрь 2022-жыл

Чет-Нура айыл  аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин балдардын тамак-ашына болгон төлөмүн 500 сомдон 600 сом кылыпы көтөрүп бекитүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл  аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин балдардын тамак-ашына болгон төлөмүн 500 сомдон 600 сом кылыпы көтөрүүнү карап талкуулап,

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин кезексиз  XXVIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Чет-Нура айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин макулдугу менен ар бир баланын тамак-ашына ай сайын төлөнө турчу 500 сомду бала бакчага барган балдардын ата-энелери менен бала бакчанын жетекчилери жана кызматкерлери менен болгон жыйналышынын протоколунун негизинде ай сайын ар бир баланын тамак-ашына болгон төлөм азыркы учурдагы азык-түлүкө болгон баанын өсүшүн эске алып 500 сомдон 600 сомго жогорулатылып бекитилсин.
  2. Бала бакчага барган балдардын ата-энелеринен ай сайын алына турчу төлөмдөрдү өз убагынан кечиктирбей чогултуу жагы Чет-Нура айыл аймагындагы бала бакча башчыларына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага  тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                             М.Өмүрбеков

Комментирование запрещено