Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын 14-март 2022-жылдагы №8/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 13/2 Токтому

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезектүү  XIII  сессиясынын

№13/2 ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы                                                                                      28-октябрь  2022-жыл

Чет-Нура айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын 14-март 2022-жылдагы №8/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

               Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп» жөнүндө мыйзамына ылайык 2022-жылдын башынан калган акча каражатын чыгымдоону карап, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү карап талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин кезексиз  XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги  VIII  сессиясынын  14-март  2022-жылдагы №8/2 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  1. Чет-Нура айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  VIII  сессиясынын 14-март 2022-жылдагы №8/2 токтомунда Орто-Нура айылынын Арал участогундагы көпүрөнү капиталдык ремонт иштерин жүргүзүүгө 31113390 статьясына бекитилген 450,0 мин сом акча каражаты Орук-Там айылынын ген планын жазатууга  22154900 статьясына 77,0 мин сом,  Нарын райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кредитордук карыздарды төлөө үчүн 22154900 статьясына 318,0 мин сом, Нарын токой чарбасына көчөттөрдү алуу үчүн 31131220 статьясына 25,0 мин сом жана Нарын облустук экология бөлүмүнө  22154900 статьясына 30,0 мин сом акча каражаты жылдырылып, өзгөртүлүп  бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага  тапшырылсын.

Төрага:                                                                                                             М.Өмүрбеков

Комментирование запрещено