Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясынын
№13/6 ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы 28-октябрь 2022-жыл
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп» жөнүндө мыйзамына ылайык 2022-жылдын башынан калган акча каражатын чыгымдоону карап, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү карап талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XXVIII чакырылышынын XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
- Чет-Нура айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомунда бекитилген мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча 22153100 статьясынан 11,0 миң сом акча каражатын 22154300 статьясына жылдырылып бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага: М.Өмүрбеков