Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясынын №14/2 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезектүү  XIV  сессиясынын

№14/2 ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы                                                                                        15-декабрь 2022-жыл

Жергиликтуу маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин кезексиз  XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Ичүүчүсууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин, Сууну пайдалануучулардын ассоциациясын, тазалыкты, Жайыт пайдалануучулар бирикмесин жана башка коммуналдык кызматтарга инвентаризация жүргүзүп, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкананын карамагына өткөрүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жогорудагы уюштуру, тартип кызматтарын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Тюлебердиевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                                            М.Өмүрбеков

Комментирование запрещено