Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 10-октябрь 2017-жылдагы №9/5 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги IX  сессиясынын

ТОКТОМУ

10-октябрь  2017-жыл  №9/5                                                                          Орто-Нура айылы

Айыл өкмөтүнө  караштуу Ак-Булуң айылындагы К.Күчүков башталгыч мектебине 9 жылдык мектеп ачып, кеңейтүү жөнүндө

            Ак-Булуң айылында 66 түтүндө 337 калк жашайт. 4-класска чейин окуучулар К.Күчүков атындагы башталгыч мектебинде окушат. 5-класстан 11-класска чейин  окуучулар М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде 2 км аралыкта барып келип окушат. Кышкы суук, жазгы жаан-чачында окуучулар кыйналышат. Окуучуларды ташыгыдай авто унаа айыл өкмөтүндө жок.

            Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,   Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын IX сессиясы токтом кылат:

  1. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылындагы К.Күчүков башталгыч мектеби айыл ичиндеги калктын өсүүсүнө байланыштуу жана Ийри-Суу айылындагы М.Байдөөлөтов атындагы орто мектеби, 2 км аралыкта жайгашкандыктан, окуучулар кышкы суук, жазгы жаан-чачында кыйналгандыктан 9 жылдык орто мектебин ачууга макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                   Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено