Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин |
XXVIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясынын
№14/5 ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы 15-декабрь 2022-жыл
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2022— жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндөгү 2022-жылдын 10-февралындагы №7/2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп» жөнүндө мыйзамына ылайык 2022-жылдын башынан калган акча каражатын чыгымдоону карап, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү карап талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
- Чет-Нура айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомунда бекитилген мектептердин интернет байланышына каралган 22122900 статясынан айыл өкмөтүнүн интернет байланышына 2000 миң сом жылдырылып, өзгөртүлүп бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага: М.Өмүрбеков