Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 10-октябрь 2017-жылдагы №9/6 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги IX  сессиясынын 

ТОКТОМУ

10-октябрь  2017-жыл  №9/6                                                               Орто-Нура айылы

Айыл өкмөтүнө  караштуу Ак-Кыя  айылындагы Нур-Байгазак бала бакчасын 2018-жылдагы капиталдык курулуш департаментинин проектисине киргизүү жөнүндө

            Ак-Кыя айылындагы Нур-Байгазак бала бакчасы авариялык абалдагы мурунку Ак-Кыя мектебинин имаратында жайгашкан. Ошол себептүү 1.01.2018-жылга капиталдык курулуш департаментинин проектисине киргизүүгө жатат. Бала бакчада 50 бала тарбияланып, 13  киши эмгектенет.

            Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,   Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын IX сессиясы токтом кылат:

  1. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы Нур-Байгазак бала бакчасы 2018-жылга капиталдык курулуш департаментинин проектисине киргизүүгө макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                   Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено