Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 10-октябрь 2017-жылдагы №9/7 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги IX  сессиясынын

ТОКТОМУ

10-октябрь  2017-жыл  №9/7                                                               Орто-Нура айылы

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар Бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө

            “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар Бирикмелерине өткөрүп берүүгө укуктуу.

            Жогорудагы айтылгандардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жайыт пайдалануучулар Бирикмелери менен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү максатында,  Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын IX сессиясы токтом кылат:

  1. Келишимде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын предмети, укуктар жана милдеттер, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин ортосундагы каржылык мамилелердин тартиби бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                   Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено