Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз
XXVII чакырылышынын IX сессиясынын
ТОКТОМУ
10-октябрь 2017-жыл № 9/12 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2018-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура айылындагы Чет-Нура бала бакчасына кошумча жаңы корпус куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалыкбаасы 3 325 666 (үч миллион үч жүз жыйырма беш миң алты жүз алтымыш алты) сомдук долбоор жактырылсын.
- Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Чет-Нура айылындагы курулуп жаткан бала-бакча боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 498 850 (төрт жүз токсон сегиз миң сегиз жүз элүү) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага: ______________ Т.Сыдыкбеков
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө