Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын 2-май 2017-жылдагы № 5/3ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз V сессиясынын

ТОКТОМУ

2-май  2017-жыл   № 5/3                                                                          Орто-Нура айылы

Ак-Кыя айылынын жер комиссиясынын  4-август 2015-жылдагы №5 протоколун  кароо   жөнүндө

             Көп жылдан бери Ак-Кыя айылынын тургундары таза суу жок Нарын дарыясынан ичип, пайдаланып келишкен. Ошол себептен Ак-Кыя айылынын жер комиссиясынын 4-август 2015-жылдагы №5 протоколун   карап жана талкуулап      Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин  V сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Кыя айылынын жер комиссиясынын 4-август 2015-жылдагы №5 протоколу бекитилсин;
  2. Ак-Кыя айылында таза суу чыгаруу үчүн Ак-Кыя айылынын ген планына ылайык күн чыгыш тарабынан таза суу чыгаруу үчүн 0,01га, суу сактоочу жай куруу үчүн 0,02га жана суу түтүктөрү өтүүчү трасса үчүн 0,3га жер тилкеси берилсин.
  3. Резервуар жана каптаж үчүн 0,50га жер тилкеси берилсин.
  4. Ген. планга ылайык таза суу чыгаруу боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                              Т.Сыдыкбеков

__________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.

АК-КЫЯ АЙЫЛЫНЫН ЖЕР БОЮНЧА КОМИССИЯСЫНЫН  ЗАСЕДАНИЕСИНИН

№ 5 ПРОТОКОЛУ

4-август 2015-жыл                                                                                    Ак- Кыя  айылы

Катышкандар:  комиссиянын төрагасы:        ________   А.Тагаев

                                                                                               ________   А.Текеев

                                                                                               ________   М.Аттокуров

                                                                                               ________   Б.Мамбеткулов

                                                                                               ________   М.Өмүрбеков


Ак-Кыя   айылынын тургундарынын Ак-Кыя  айылынын ген планынын ичинен жер алдынан таза суу чыгаруу үчүн жана суу сактоочу жай  куруу үчүн жер сураган арызын заседаниеде кароо жөнүндө

КҮН ТАРТИБИ:

  1. Күн тартибинде коюлуп  жаткан маселе боюнча жер боюнча комиссиясынын төрагасы билдирүү жасап арыздын мазмуну менен катышкан комиссияга тааныштырды. Арыздын мазмуну боюнча Ак-Кыя  айылынын тургундары Ак-Кыя  айылынын ген планынын  күн чыгыш тарабынан таза суу чыгаруу үчүн жер тилкесин берүүнү сурап жер комиссиясына кайрылган. Бул таза суу үчүн сурап жаткан жерди сөзсүз беришибиз керек. Бул берилүүчү жерлер жер алдынан таза суу чыгаруу үчүн 0,01га.  суу сактоочу жай куруу үчүн 0,02га жана суу түтүктөрү өтүүчү трасса үчүн 0,3га. Жалпы 0.33га жер. Ошол себептүү Ак-Кыя айылынын  тургундарынын кайрылуусуна жер боюнча комиссия мүчөлөрү баары макулдуктарын беришти. Себеби  ичүүчү суу айыл эли үчүн абдан зарыл экендигин айтып өтүштү. Ошондой эле жер мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү мекемелердин адистерин жеринде көргөзүп уруксат алуу менен бирге жана жер боюнча комиссия мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу менен Ак-Кыя  айылынын жер боюнча комиссиясынын заседаниеси чечим кылат:
  2. Ак-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын, Ак-Кыя айылынын ген планынын күн чыгыш тарабынан  жер алдынан таза суу чыгаруу үчүн 0,01га.  суу сактоочу жай куруу үчүн 0,02га жана суу түтүктөрү өтүүчү трасса үчүн 0,3га берилсин.
  3. Резервуар жана каптаж ъчън 0,50га жер тилкеси берилсин.
  4. Бул протоколду бекитип берүү жагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинен жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

Комиссиянын төрагасы:                                             ________   А.Тагаев

Мүчөлөрү:                                                                             ________   А.Текеев

                                                                                                 ________   М.Аттокуров

                                                                                                 ________   Б.Мамбеткулов

                                                                                                 ________   М.Өмүрбеков

 

Комментирование запрещено