Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясынын ТОКТОМУ 29-октябрь 2019-жылдагы № 21/14

chetnura-shapka

Чет-Нура  айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2020-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  Кеӊешинин бюджет  жана этика комиссиясынын,айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,

Чет-Нура айылдык Кеңешинин  XХI сессиясы токтом кылат:

  1.  Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Чет-Нура айылындагы Чет-Нура бала бакчасына кошумча жаӊы корпус куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 3 318 422(үч миллион үч жүз он сегиз миӊ төрт жүз  жыйырма эки) сомдук долбоор жактырылсын.
  2.  Үлүштүк  дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Чет-Нура айылындагы курулуп жаткан  бала бакча  боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздук салым катары жергиликтүү  бюджеттен  497 794(торт жүз токсон жети миӊ жети жүз токсон төрт) сом  каралсын .
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

 

Комментирование запрещено