Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясынын ТОКТОМУ 29-октябрь 2019-жылдагы № 21/15

chetnura-shapka

 Чет-Нура  айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2020-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  Кеӊешинин бюджет  жана этика комиссиясынын,айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,

Чет-Нура айылдык Кеңешинин  XХI сессиясы токтом кылат:

  1.  Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Ийри-Суу айылындагы  «Бактылуу  бала « бала бакчасына кошумча жаӊы корпус куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 3 204 635(үч миллион эки жүз төрт миӊ алты жүз отуз беш ) сомдук долбоор жактырылсын.
  2.  Үлүштүк  дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ийри-Суу айылындагы курулуп жаткан  бала бакча  боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздук салым катары жергиликтүү  бюджеттен  480 696(торт жүз сексен миӊ алты жүз токсон алты мин ) сом каралсын .
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

 

Комментирование запрещено