Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясынын ТОКТОМУ 29-октябрь 2019-жылдагы № 21/16

chetnura-shapka

Чет-Нура  айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2020-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  Кеӊешинин бюджет  жана этика комиссиясынын,айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,

Чет-Нура айылдык Кеңешинин  XХI сессиясы токтом кылат:

  1.  Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  Ийри-Суу айылындагы  М.Байдөлөтов атындагы орто  мектебине  кошумча жаны спорттук аянтча куруу  боюнча  үлүштүк грантка жазылган сметалык басы 2 188 737(эки миллион бир жүз сексен сегих миӊ жети жүз отуз жети ) сомдук долбоор жактырылсын.
  2.  Үлүштүк  дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ийри-Суу айылындагы М.Байдөлөтов атындагы орто мектепке курула турган кичи футболдук аянтча  боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздук салым катары жергиликтүү  бюджеттен  328 311(үч жүз жыйырма сегиз миӊ үч жүз он бир ) сом каражаты, 2020-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин .
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

 

Комментирование запрещено