Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясынын ТОКТОМУ 13- январь 2020-жыл № 22/3

shapka_cn.jpg

 

ЧетНура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясынын 

ТОКТОМУ

13- январь  2020-жыл № 22/3                                                                        Орто-Нура айылы

 Чет-Нура  айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булун, Төш-Булак, Орто-Саз айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн жайыт жеринен курулуш курууга жерди трансформациялоого сунуштоо жөнүндө   

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн   жер  жана  турак жай  боюнча  башкы  адис К.Асанбековдун билдирүүсүнүн негизинде,

Чет-Нура айылдык кеӊешинин  кезектеги  XХII сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Булуӊ, Төш-Булак, Орто-Саз айылдарындагы инвентардык контурлары №1277, №1276, №2686, №2690, №2800, №2451, №1504 жерлерди жайыт жерден элдин муктаждыгына  таза суунун резервуарын жана каптажын куруу үчүн трансформацияга сунушталсын.
  1. Мыйзам  чегинде  трансформацияга  чыгаруу боюнча  иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы  адиси К.Асанбековго тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн  башчысы  А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                                             Т.Сыдыкбеков

 

 

Комментирование запрещено