Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын ТОКТОМУ 14-сентябрь 2020-жылдагы №26/1

shapka_cn.jpg

       

                     

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXVI  сессиясынын

ТОКТОМУ

14-сентябрь  2020-жыл   №26/1                                            Орто-Нура айылы

Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2020-жылда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө

  Чет-Нура айылдык Кеңешинин 2020-жыл ичинде кабыл алынган токтомдорунун аткарылышын карап,

      Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI  сессиясы  токтом кылат:

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин 13-май 2020-жылдагы №24/3 токтому аткарууга алынбагандыгына байланыштуу Ийри-Суу айылынын айыл башчысы У.Абдыраймакунов, Ак-Булуң айылынын айыл башчысы А.Нурбаев, Орто-Нура айылынын айыл башчысы К.Молдогазиев, Чет-Нура айылынын айыл башчысы Т.Мамыровдордун кызмат ордун тез арада кароо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго сунушталсын.
  2. Айыл өкмөтүнүн жайыттар комитетинин төрагасы А.Назарбаев жогорудагы Чет-Нура айылдык Кеңешинин 13-май 2020-жылдагы №24/3 токтомун аткарууга алынбагандыгына байланыштуу кызмат ордун кароо Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине сунушталсын.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айылдык Кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                            Т.Сыдыкбеков

 

 

 

 

 

Комментирование запрещено