Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын 24-июль 2020-жылдагы №25/1 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

 Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеӊешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXV  сессиясынын

ТОКТОМУ

24-июль 2020-жыл   №25/1                                                                           Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл  аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясынын 29-январь 2020-жылдагы №23/1 токтомуна

 өзгөртүү киргизүү жөнүндө

             Чет-Нура айыл аймагынын 2020-жылдагы бюджетте каралган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кенештин  бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана ФЭБнүн баяндамасын угуп жана талкуулап

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Чет-Нура айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  XXIII  сессиясынын 29-январь 2020-жылдагы 23/1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  1. Чет-Нура айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXIII  сессиясынын 29-январь 2020-жылдагы 23/1 токтомунда бекитилген 371,6 миӊ сом 22181100 статьясынан “Ковид-19” илдетин алдын алууга карата ГСВ №5 ооруканасынын капиталдык ремонтуна 200,0 миӊ сом жана “Бактылуу бала” балдар бакчасына кошумча корпус куруу учун 3111 статьяга 171,6 миӊ сом акча каражаты жылдырылып бекитилсин.
  1. Чет-Нура айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XXIII  сессиясынын 29-январь 2020-жылдагы 23/1 токтомунда бекитилген 100,0 миӊ сом 22154100 статьясынан жана 5,0 миӊ сом 22153100 статьясынан “Ковид-19” илдетин алдын алууга карата өзгөчө кырдаал учуруна 22154900 статьяга 40,0 миӊ сом, башка чыгымдар үчүн 36,6 миӊ сом жана  “Бактылуу бала” балдар бакчасына кошумча корпус куруу үчүн 3111 статьяга 28,4 миӊ сом жана акча каражаты жылдырылып бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага  тапшырылсын.

Төрага:                                                                              Т.Сыдыкбеков

 

 

Комментирование запрещено