Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясынын ТОКТОМУ 20-январь 2021-жылдагы № 27/5

shapka_cn.jpg

Чет-Нура   айыл аймагындагы жарандардын кайрылууларын кароо

жөнүндө

          Күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргызбаев Айбектин, Жаманаков Акылбектин жана Алсеитов Удаабектин кайрылууларын карап талкуулап.

         Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги  ХХVII сессиясы токтом кылат:

  1. Орто-Нура айылынын тургундары Жаманаков Акылбектин жана Алсеитов Удаабектин кайрылуусу боюнча бюджеттен акча каражатын которуп маселени чечүүгө мыйзам жол бербегендиктен проект жазуу, инвестор табуу жолу менен чечилээри билдирилсин.
  2. Кыргызбаев Айбектин кайрылуусун кайра карап, Ак-Сай жайлоосуна көчкөнгө чейин чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы А.Назарбаевге тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено