Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясынын ТОКТОМУ 20-январь 2021-жылдагы № 27/6

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагына караштуу бала бакчаларга барган балдардын ата-энелердин бала бакчага болгон төлөмүн жогорулатуу

жөнүндө

          Азыркы базар экономикасындагы баалардын кымбатташы, балдардын тамак-ашына тийгизген таасирин карап чыгып,

         Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги  ХХVII сессиясы токтом кылат:

  1. Мамлекет тарабынан балдардын тамагы үчүн 18 сом каралып жаткандыгына байланыштуу, учурда базар экономикасында баалар кымбаттап тамак-аштын баалары жогорулап жаткандыктан, ата-энелик төлөмдү 1 балага күнүнө 25 сом өлчөмүндө ата-энелердин макулдугу менен жогорулатылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено