Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХVII сессиясынын ТОКТОМУ 20-январь 2021-жылдагы № 27/9

shapka_cn.jpgОрто-Нура айылы                                  20-январь 2021-ж.  № 27/9

Кыргыз Республикасынын «Салык» кодексинин №337-беренесинин 6-пунктуна ылайык  Чет-Нура айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Салык» кодексинин №337-беренесинин 6- пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү

жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Салык» кодексинин №337-беренесинин 6- пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер аянттарына буга чейинки сессиянын чечими менен көбөйтүп 1га жер аянтына 196 сом алынып келет, учурдагы кризиске, баалардын кымбатташына байланыштуу,

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги  ХХVII сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл аймагындагы айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы 1га жер аянтына 1,5 эсе көтөрүү менен башкача айтканды мурдагы алынып жаткан 196 сом жер салыгына 98 сом өлчөмүндө жер салыгы кошулуп жалпысынан 294 сом алынсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено