Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХIX сессиясынын 31-март 2021-жылдагы № 29/1 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

31-март 2021-жыл   № 29/1                                                     Орто-Нура айылы

 

Чет-Нура айылдык кеңешинин 2021-жылга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жазгы айдап-себүү, көчүү-конуу, корук, мал багуунун жана жер айдоо, чөп чабуунун тарифтерин бекитүү, айыл чарба багытындагы жерлерди ирээтке келтирүү, ишембилик кылуу жөнүндө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине ылайык Чет-Нура айыл аймагынын карамагындагы ар бир айылдын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорун угуп, талкуулап,

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз  ХХIX сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айылдык кеңешинин 2021-жылга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жазгы айдап-себүү, көчүү-конуу, корук, мал багуунун жана жер айдоо, чөп чабуунун тарифтерин бекитүү, айыл чарба багытындагы жерлерди ирээтке келтирүү, ишембилик кылуу жөнүндө ар бир айылдын жалпы элдик чогулушунун токтомдору бекитилип иш алып барылсын.

Орто-Саз айылынын тургундарынын 30.03.21-жылдагы №2 протоколу

Ак-Кыя айылынын тургундарынын 30.03.21-жылдагы №1 протоколу

Чет-Нура айылынын тургундарынын 29.03.21-жылдагы №1 протоколу

Орто-Нура айылынын тургундарынын 29.03.21-жылдагы №1 протоколу

Ак-Булуң айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу

Ийри-Суу айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу

Төш-Булак айылынын тургундарынын 25.03.21-жылдагы №1 протоколу

  1. Ар бир айыл башчы өздөрүнүн айылдарынын жалпы тургундарынын чоглушунудагы элдик токтомун аткарууга алып, мыйзам чегинде иш алып барышсын.
  2. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

 

 

 

Комментирование запрещено