Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХIX сессиясынын 31-март 2021-жылдагы № 29/2 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

31-март 2021-жыл   № 29/2                                                     Орто-Нура айылы

 

Орто-Нура жана Чет-Нура айылдарындагы көрүстөндүн жер аянттары аяктап бара жаткандыгына байланыштуу райондук жер комиссияга көрүстөнгө берилчү жер аянтын трансформациялоо жана жаңы көрүстөндүн ирээттүүлүгү жөнүндө

 

         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине ылайык Чет-Нура айыл аймагынын Чет-Нура жана Орто-Нура айылдарынын көрүстөнгө берилчү жердин мыйзамдуулугун жана келечегин угуп, талкуулап,

 Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз  ХХIX сессиясы токтом кылат:

  1. Жаңы берилген көрүстөндөн 10 м кв жер аянты 1 адамдын сөөгүн жашырууга берилсин. Курулма курууга тыюу салынсын. Ар бир көрүстөн корулбастан жалпы көрүстөн сыртынан корулсун.
  2. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагын  Орто-Нура жана Чет-Нура айылдарынын айыл башчыларына жана имамдарына милдеттендирилсин.
  3. Көрүстөнгө барчу автоунааларга жол салуу, шагыл төгүү жана көрүстөндүн сыртын корууга акча каражатын бөлүү, жардам берүүчү башка инвесторлорду, башка булактарды табуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
  4. Сөөк жашырууга жерди имамдын көргөзмөсү жана ирээти менен берилсин. Өзүм билемдик менен имамдын уруксааты жок көрүстөндөн жер казылбасын
  5. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

 

Комментирование запрещено