Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХIX сессиясынын 31-март 2021-жылдагы № 29/3 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

31-март 2021-жыл   № 29/3                                                     Орто-Нура айылы

 

Төш-Булак айылынан мечит салууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин”  77-беренесине ылайык Төш-Булак айылына мечит салууга жер аянтын бөлүп берүү жагын талкуулап,

 Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз  ХХIX сессиясы токтом кылат:

  1. Төш-Булак айылынан 2669-9 контуру менен 1250 кв м жер аянтын мечит салууга мыйзам чегинде каралып, бөлүнүп берилсин.
  2. Генпланга ылайык жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жагы Нарын райондук архитектура бөлүмүнөн жана мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынан суралсын.
  3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси К.Асанбековго тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено