Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХIX сессиясынын 31-март 2021-жылдагы № 29/4 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

31-март 2021-жыл   № 29/4                                                     Орто-Нура айылы

 

2021-жылдын жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо долбоорун карап чыгуу жана тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп” жөнүндө мыйзамына ылайык 2021-жылдын жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо долбоорун карап зарыл болгон өзгөртүүлөрдү карап талкуулап,

 Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз  ХХIX сессиясы токтом кылат:

  1. 2021-жылдын жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо долбоорунун 2-пунктундагы Орук-Там айылынын топографиялык съемкасын даярдоого сунушталган акча каражатын Орто-Нура айылынын көрүстөнүнө бара турчу жолдун абалы өтө коопсуз болгондуктан, ремонтто иштерине өзгөртүлүп багытталсын.

Сунушталган долбоор

Багытталган жагы Статьясы Суммасы
1 Эмгек акы үчүн 2111 16200
2 Орук-Там айылынын топографиялык съемкасын даярдоо 22154900 40000
3 Орто-Нура жана Чет-Нура айылдарына көрүстөнгө жер бөлүүгө уруксаат алууга документтерди жазатууга 22154900 11800
4 Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу мекемелерди дезинфекциялоо кызматтарын көрсөтүү 22154900 22300
  Жалпы   90300

Өзгөртүлүп бекитилген долбоор

Багытталган жагы Статьясы Суммасы
1 Эмгек акы үчүн 2111 16200
2 Орто-Нура айылынын көрүстөнүнө бара турчу жолду оңдоого 22211200 40000
3 Орто-Нура жана Чет-Нура айылдарына көрүстөнгө жер бөлүүгө уруксаат алууга документтерди жазатууга 22154900 11800
4 Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу мекемелерди дезинфекциялоо кызматтарын көрсөтүү 22154900 22300
  Жалпы   90300

 

  1. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено