Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 5-август 2021-жылдагы кезексиз IV сессиясынын №4/3 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы                                              5-август 2021-жыл   № 4/3

Чет-Нура айыл аймагынын Чет-Нура айылына китепкана ачуу жана китеп кананын башчысы кызмат орду жөнүндө

 

          Чет-Нура айыл аймагынын Чет-Нура айылына китепкана ачуу жана китеп кананын башчысы кызмат орду боюнча карап, талкуулап,

              Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз  IV сессиясы токтом кылат

 

  1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Чет-Нура айылында китепкана ачылып тийиштүү иш алынып барылсын.
  2. Чет-Нура айылына ачылган китепканага китепкана башчысы кызмат ордун ачуу боюнча Нарын райондук китепканадан суралсын жана 2022-жылдын 1-январынан баштап Чет-Нура айыл өкмөтүнүн штаттык расписаниясына киргизилип эмгек акысы төлөнүп берүү пландалсын жана финансы министрлигине кайрылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                       М.Өмүрбеков

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө

Комментирование запрещено