Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 14-март 2022-жылдагы № 8/1 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы                                           14-март 2022-жыл   № 8/1

 

Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылындагы «Көңдөй» участкасынын №1486 контурундагы 17 га жайыт жер аянтын  өндүрүш аймак кылып, өндүрүш курулушун куруу максатында тиешелүү жер аянтын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө” №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу Жобого ылайык  талкуулап,      Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  VIII сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Орто-Саз айылындагы «Көңдөй» участкасынын №1486 контурундагы 17 га жайыт жер аянтын өндүрүш аймак кылып, өндүрүш курулушун куруу максатында тиешелүү жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоо)  макулдук берилсин.
  2. Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                           М.Өмүрбеков

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө

Комментирование запрещено