Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 14-март 2022-жылдагы № 8/2 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезексиз  VIII  сессиясынын

№8/2 ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы                                                                                    14-март  2022-жыл

Чет-Нура айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомуна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп» жөнүндө мыйзамына ылайык 2022-жылдын башынан калган акча каражатын чыгымдоону карап, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү карап талкуулап,

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин кезексиз  XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясынын  10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  1. Чет-Нура айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  VII  сессиясынын 10-февраль 2022-жылдагы №7/2 токтомунда бекитилген 541,0 мин сом 22154900 статьясынан Орто-Нура айылындагы Арал участогундагы көпүрөнү капиталдык ремонт иштерин жүргүзүүгө 31113390 статьясына 450,0 мин сом, өзгөчө кырдаалдарга 22221200 статьясына 50,0 мин сом жана жайыт комитетине 22154900 статьясына 41,0 мин сом акча каражаты жылдырылып, өзгөртүлүп  бекитилсин.
  1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу бала бакчаларынын атайын каражаттарынын 2022-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
Статья Чыгаша бөлүктүн аткарылышы Сумма (миң сом)
1 2218 Тамак аш алуу 228,0

Баары – 228,0 миң сом (Эки жүз жыйырма сегиз миң сом).

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Булановага  тапшырылсын.

Төрага:                                                                                            М.Өмүрбеков

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө

Комментирование запрещено