Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезекүү IX сессиясынын
ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы 18-апрель 2022-жыл № 9/1
Чет-Нура айыл аймагына караштуу айылдардагы жазгы көчүп-конуу убактыларын, жазгы айдап-себүү, жыйуудагы техникалардын тарифин, корук, мал багуунун тарифтери бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү №123 мыйзамынын 27-беренесине ылайык Чет-Нура айыл аймагына караштуу айылдардагы жазгы көчүп-конуу убактыларын, жазгы айдап-себүү, жыйуудагы техникалардын тарифин, корук, мал багуунун тарифтерин талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү IX сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чет-Нура айыл аймагына караштуу айылдардагы жазгы көчүп-конуу убактыларын, жазгы айдап-себүү, жыйуудагы техникалардын тарифин, корук, мал багуунун тарифтери бекитилсин.
- Дың жерди айдоо 1800 сом, 35 л май, айдалып жүргө жерди айдоо 1500 сом, 30 л май, Тырмоо 800 сом, 10 л май, Сеялка менен себүү 1000 сом, 10 л май, косилька менен прессти убагында жибтин жана майдын баасын эске алынып коюлсун. Комбайндын тарифи 2000 сом 30 л май болсун. Мал багуунун тарифин бодо малды 300 сомго, майда жандыкты 50 сом болуп бекилсин. Алыскы жайытка көчүү 1-июндан 10-июнга чейин көчүп кетишсин, кайра алыскы жайыттан көчүп келүү 25-сентябрдан башталсын.
- Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.
Төрага: М.Өмүрбеков
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө