Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү IX сессиясынын
ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы 18-апрель 2022-жыл № 9/2
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун №54 жарлыгын Чет-Нура айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун №54 жарлыгын Чет-Нура айыл аймагында ишке ашырууну талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү IX сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун №54 жарлыгын Чет-Нура айыл аймагында ишке ашыруу максатындагы Жамандык-жакшылыктарга 3 кой жэ 1 бодо мал союуга уруксаат берилсин.
- Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жана иш ашырып көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.
Төрага: М.Өмүрбеков
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө