Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү IX сессиясынын
ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы 18-апрель 2022-жыл № 9/3
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы айылдык китепканага ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү №123 мыйзамынын 27-беренесине ылайык Орто-Нура айылындагы айылдык китепканага ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү IX сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Орто-Нура айылындагы айылдык китепканага Орто-Нура айылынын жалпы элдик чогулушунун чечиминин негизинде сунушталган Кадыракунов Керимбек Мүсүркановичтин ысымы ыйгарылсын.
- Мыйзам чегинде тиешелүү иштерди алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго жана Орто-Нура айылдык китепканасынын башчысы Карагулова Айгеримге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.
Төрага: М.Өмүрбеков
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө