Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү IX сессиясынын 18-апрель 2022-жылдагы № 9/4 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы                                                             18-апрель 2022-жыл   № 9/4

Төш-Булак айылындагы  “Сарай” аймагындагы көчөгө ат (ысым) берүү жөнүндө

 

            “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар” жөнүндөгү мыйзамына 27-беренесине ылайык Төш-Булак айылынын “Сарай” аймагындагы көчөгө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  IX сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Төш-Булак айылынын “Сарай” аймагындагы көчөгө Төш-Булак айылынын жалпы элдик чогулушунун чечиминин негизинде сунушталган Акунов Калыктын ысымы ыйгарылсын.
  2. Көчөлөргө шагыл төгүп, оңдоп-түзөө, свет орнотуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жана табличкаларын илүү Акунов Калыктын үй- бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                           М.Өмүрбеков

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө

Комментирование запрещено