Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
ТОКТОМУ
Орто-Нура а. 21-январь 2022-жыл № 6/2
Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны көтөрүп бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны көтөрүүсүн талкуулап,
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз VI сессиясы токтом кылат
- Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысы бодо малга 50 сомдон 70 сомго, кой-эчкиге 10 сомдон 14 сомго көтөрүлүп бекитилсин.
- Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны чогултуу боюнча даярдалып сунушталган жобосу бекитилсин жана жобого ылайык иш алып барылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Назарбаевге тапшырылсын.
Төрага: М.Өмүрбеков
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.