Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында тиешелүү жер аянтын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө 10-февраль 2022-жылдагы № 7/4 токтому

shapka_cn.jpg

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясынын

ТОКТОМУ

Орто-Нура айылы                                              10-февраль 2022-жыл   № 7/4

 

Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында тиешелүү жер аянтын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө” №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу Жобого ылайык  талкуулап,                              Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  VII сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Орто-Саз айылындагы ”Саздын-Башы” участкасындагы №2583 контурундагы 0,25 га жер аянтын айыл чараба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын транспорттун байланыштын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
  2. Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                       М.Өмүрбеков

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө


 

Комментирование запрещено