Чет-Нура айыл аймагынын 2022-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө 10-февраль 2022-жыл №7/2 Токтому

shapka_cn.jpg

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясынын

ТОКТОМУ

 

10-февраль  2022-жыл   №7/2                                                                    Орто-Нура айылы

 

Чет-Нура айыл аймагынын 2022-жылдагы жыл башынан калган акча

 каражатын чыгымдоо  жөнүндө

 

         Чет-Нура айыл аймагынын 2022-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин бюджет жана этика  комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,

 

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

 

  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

 

Статья Чыгаша бөлүктүн аткарылышы Сумма (миң сом)
1 2211 Сапар чыгымдары 50,0
3 2214 Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 155,0
4 2215 Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу 1510.7
5 2217 Медициналык багыттагы медикаменттерди жана буюмдарды алуу 10,0
6 2221 Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар 393,0
7 2222 Учурдагы чарбалык максаттар үчүн  буюмдарды жана материалдарды алуу 661,0
8 3111 Имараттар жана курулуштар 828,0
9 3112 Машиналар жана жабдуулар 118,0

 

Жалпы 3725,7

Баары — 3725,7 миң сом (Үч миллион жети жүз  жыйырма беш миң жети жүз сом).

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Булановага  тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                       М.Өмүрбеков

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга. а/ө

Комментирование запрещено