Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2021-жылдагы 29-октябрындагы №5/3 токтому

shapka_cn.jpg

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин   ХХVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

ТОКТОМУ

 Орто-Нура айылы                                                              29-октябрь 2021-жыл   №5/3

Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин өзгөртүү киргизүү жөнүндө

          Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22-беренелерине ылайык, Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы №4035 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүү киргизүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып,

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектеги  ХХVII сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы №4035 Ак-Кыя шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын курамына Ак-Кыя айылынын тургуну Исираилов Жолдошбек Курманакунович 20.12.1986-жылы туулган жаранды киргизүүгө сунушталсын.
  2. Сунушталган жарандын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчы У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                          М.Өмүрбеков

Комментирование запрещено