Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясынын
№14/1 ТОКТОМУ
Орто-Нура айылы 15-декабрь 2022-жыл
“Кумтөр Голд Компани” компаниясынан “Бактылуу бала” бала бакчасына эмеректерди алууга жардам катары берилип жаткан акча каражатына Чет-Нура айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар счетуна план бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп» жөнүндө мыйзамына ылайык “Кумтөр Голд Компани” компаниясынан “Бактылуу бала” бала бакчасына эмеректерди алууга жардам катары берилип жаткан акча каражатына Чет-Нура айыл өкмөтүнүн атайын счетуна план бекитип берүүнү карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- “Кумтөр Голд Компани” компаниясынан “Бактылуу бала” бала бакчасына эмеректерди алууга жардам катары берилип жаткан 300 000 (үч жүз мин) сом акча каражатына Чет-Нура айыл өкмөтүнүн атайын эсептик счетуна план бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынан суралсын.
- Кумтөр Голд Компани” компаниясынан “Бактылуу бала” бала бакчасына эмеректерди алууга жардам катары берилип жаткан акча каражаты планга ылайык иш алынып барылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага: М.Өмүрбеков