XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №2/1 токтому

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезектеги II сессиясынын

ТОКТОМУ

14-март 2013- жыл  №2/1                                                        Орто — Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш Регламентин, Чет-Нура айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жана Чет-Нура  айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги  II сессиясы токтом кылат: 

  1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш Регламентин, Чет-Нура айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жана Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосун иштеп чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
  • Жакыпов Жолдошбек — депутат Орто-Нура шайлоо участкасынан.
  • Култаева Кенжекан – депутат Орто-Саз шайлоо участкасынан.
  • Сатыбеков Темирлан – депутат Орто-Нура шайлоо участкасынан.
  • Нурбаев Алтынбек – депутат Ийри-Суу шайлоо участкасынан.
  • Абылгазиев Адилет – депутат Чет-Нура шайлоо участкасынан.

 

  1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш Регламенти, Чет-Нура айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы жана Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосу тез арада иштелип чыгып, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, кийинки сессияда бекитилсин.

 

 

 

Төрага:                                                                                          Т.Мамыров

Добавить комментарий